Москвада 24 кыргыз компаниясы "Кыргызстанда жасалган" брендин таанытууда

Коом Загрузка... 17 Сентябрь 2025 11:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 17.09.25 /Кабар/. Күн мурун Москва шаарында башталган 34-эл аралык "WorldFood Moscow 2025" көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук экспозициясы ишин баштады.

ТИМден билдиришкендей, иш-чара "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун колдоосу жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көмөгү менен уюштурулуп, ага экспортко багытталган 24 ата мекендик компания катышууда.

Көргөзмөдө "Кыргызстанда жасалган" бренди астында өндүрүлгөн ар түрдүү азык-түлүктөр көрсөтүлдү.

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев көргөзмөгө катышып жаткан компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын эмгегине ыраазычылык билдирди. Ал улуттук стендде коюлган табигый жана экологиялык жактан таза продукциянын кеңири ассортиментин белгилеп, ата мекендик ишканалардын "Кыргызстанда жасалган" брендин жана жалпы эле Кыргызстанды чет элдик рыноктордо таанытууга кошкон салымын баса белгиледи.

Көргөзмөнүн алкагында кыргыз компанияларынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Россиядагы бизнес-бирикмелер, тармактык союздар, соода түйүндөр жана башка ишкер чөйрөлөрү менен В2В жолугушуулар жана консультациялар өткөрүлөт.

Кыргызстандын улуттук экспозициясы 19-сентябрга чейин Москванын "Крокус Экспо" эл аралык көргөзмө борборунда уланат.