220 мектептеги STEM-класстары заманбап жабдуулар менен камсыздалды

Билим 12 Февраль 2026 10:58
631259345_1352219676951773_6892648513637122557_n.jpg
632064111_1352219446951796_2437935769914963194_n.jpg
632070688_1352219453618462_529101805908225989_n.jpg
632234791_1352219556951785_8563663857680670072_n.jpg
632302225_1352219653618442_3976802502899805250_n.jpg
632336941_1352219566951784_3085384281314036512_n.jpg
632451567_1352219746951766_2924256788270239112_n.jpg
632927052_1352219450285129_2281838882171517888_n.jpg
633975294_1352219673618440_787397917029304085_n.jpg
634422797_1352219553618452_2440111649595688449_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Өлкө боюнча 220 кластердик мектеп STEM-класстар үчүн (физика, химия, география, биология) заманбап окуу-лабораториялык жабдуулар жана практикага багытталган, санариптик окутууну камсыздаган маалыматтык-коммуникациялык каражаттар менен камсыздалды.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жабдууларды жеткирүү өлкөдө билим берүү тутумун масштабдуу түрдө трансформациялоого, анын ичинде мектептерде STEM-предметтерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган "Алтын казык" мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү.

Лабораториялык жабдуулар ар түрдүүлүгү менен айырмаланып, окуу процессинде ар кыл багыттагы тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жалпысынан 220 кластердик мектепке 5 500 комплект лабораториялык жабдуу, 220 интерактивдүү панель жана ошончо эле сандагы ноутбук жеткирилди.