2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү: Айыл чарбасынан тартып туризмге чейинки пландар

Экономика Загрузка... 12 Март 2026 17:00
526556649_3500653630077811_6127151425075576716_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилген. Анда өнүгүүнүн төрт негизги багыты — индустриялаштыруу, аймактык хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетикага өзгөчө көңүл бурулары белгиленген. Бул максаттарды ишке ашырууда министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан стратегиялык кадамдар өзгөчө мааниге ээ. Индустриялаштыруу боюнча 2030-жылга чейин өлкөдө айыл чарба, өнөр жай продукциясынын көлөмүн көбөйтүү жана аймактарда кеминде беш технологиялык парк зонасын түзүү максаты коюлган. Ал эми аймактык хабды түзүү республикага эл аралык транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндөгү өз ордун ээлөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле "жашыл" энергетиканы алдыга жылдыруу максаты камтылган. Бул ирет "Кабар" агенттиги улуттук программаны ишке ашырууга кандай кадамдар жасалып жатканына саресеп салат.

Органикалык айыл чарбаны колдоо. Азык-түлүк товарларын өндүрүүгө багытталган ишканалардын ишине дем берүү ата мекендик продукцияны өндүрүү көлөмүн көбөйтүү жана экспортту илгерилетүүгө шарт түзөт. Бул тууралуу Кабар агенттигине Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Айсулуу Аманова билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба тармагында алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн өндүрүштү модернизациялоо, натыйжалуу методдорду киргизүү, ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Эгер ушул иштер ишке ашса, айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 30 пайызга көбөйтүлөт. Кайра иштетүүнүн көлөмү 2 эсеге өсөт. Сууну жоготуу деңгээли 15 пайызга чейин төмөндөйт.

Ири ишканаларды пайдаланууга берүү долбоорлору ишке ашса, жумушсуздук мурункудай өспөй, тескерисинче 5 пайыздык көрсөткүчтөн ашпайт деп болжолдонууда. 2030-жылы ИДПга карата негизги капиталга инвестициялардын көлөмүн 20 пайыздан кем эмес кылуу керек. Өлкөдөгү туруктуулук, экономикадагы жылыш инвестиция тартууга өбөлгө түзүүдө, деп эсептейт министрликтин өкүлү.

Ал белгилегендей, аймактык транспорттук хабды өнүктүрүү Кыргызстандын соода жолдорундагы мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт. Бул өлкөгө эл аралык транзиттик жүк ташуу багытында өз ордун акырындык менен чыңдоого мүмкүндүк берет.

487065646_9541.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90
"Программада унаа жана темир жол тармактарын өнүктүрүүгө инвестиция тартуу, жүк жана жүргүнчү ташууда темир жол, автоунаа жана аба каттамдарын кеңейтүү жана санариптик логистикалык чечимдерди киргизүү өзгөчө маанилүү экени белгиленет. Алдыдагы беш жылда темир жол аркылуу жүк ташуунун көлөмүн жылына 15 млн тоннага жеткирүү, ошондой эле кеминде 1 млн чарчы метр болгон логистикалык инфраструктураны түзүү пландалууда. Мындан тышкары, 2030-жылга чейин республикалык маанидеги жолдордун кеминде 50 пайызын оңдоп бүтүрүү каралган. Ошондой эле "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашыруу жана стратегиялык мааниге ээ жол долбоорлорду, анын ичинде Түндүк–Түштүк унаа жолун этап-этабы менен ишке киргизүү пландалууда", деди ал.

Транспорт тармагындагы иштерди жакшыртуу менен программада көрсөтүлгөн туризм багытын өнүктүрүүгө жол ачылат. 2030-жылга карата Дүйнөлүк экономикалык форумдун аналитикалык тобу тарабынан аныкталуучу туризм жана саякат чөйрөсүндөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн тизмесине кирүү кажет. Ошондой эле тоолордогу туризмдин коопсуздугу боюнча эл аралык рейтингде 70 жана андан жогору баллга жетүү пландалууда. Бул максаттарды ишке ашыруу министрлер кабинети үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

"Бул үчүн мейманканалык инфраструктураны өнүктүрүү, эс алуу зоналары, кафе жана туристтик маалымат борборлору бар жолдордо рест-поинттердин санын көбөйтүү керек. Ал эми туристтердин агымын дагы да жогорулатуу үчүн аэропортторду өнүктүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, туристтик маршруттарды түзүү, ата мекендик авиаташуучуларды көбөйтүү, визалык режим жана транспорттук логистиканы жөнөкөйлөтүү сыяктуу бир топ иштерди аткаруу зарыл. Дагы баса белгилеп кетүүчү жагдай, биз жогоруда айткан бардык тармактардагы пландарды ишке ашырууда өлкө жашыл технологияларды колдонууга маани берип жатат. Алар экологиялык жактан артыкчылыктуу болуп, экономикалык жактан каражаттарды кыйла үнөмдөөгө көмөк берет", деп белгиледи Айсулуу Аманова.

2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу менен өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсү жогорулайт. Экономист Ялкун Даутов "Кабар" агенттигине документте камтылган пландарды ишке ашыруу үчүн аткарылып жаткан иштерди тизмектеп берди.

Анын пикиринде, жыл сайын өлкө боюнча 100 ишкананы ишке киргизүү планы экономикалык өсүштү арттырып, салыктык түшүүлөрдү жана жумуш орундарын көбөйтөт. Бул экономикалык саясаттын туура багытта жүргүзүлүп жатканынан кабар берет.

2895363.77c49e942393112966ccdecb31f747cc

Кыргызстанда өзгөчө экономика тармагында коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу, көмүскөдө иштегендерди ачыкка чыгарууга багытталган иштер жүрүүдө.

Ялкун Даутовдун айтымында, туризм тармагын өнүктүрүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Жайкы туризмге улай эле кышкы туризмди жайылтууга багытталган долбоорлордун саны арбыды. 2022-жылга салыштырмалуу 2025-жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны эки эсеге көбөйгөнү байкалды.

606199054_3674179386058567_9013226549056417634_n

Экономисттин баамында, аймактарды, анын ичинде шаарларды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө басым жасалууда. Бул үчүн жылына 500 млн сомдон кем эмес каражаттар бөлүнүп жатат.

“Бүгүнкү күндө бир гана Бишкек менен Ош шаарларын өнүктүрүүгө маани бере бербестен, Токмок, Кара-Балта, Балыкчы, Каракол, Манас, Раззаков, Нарын жана башка шаарларды өнүктүрүүгө көп каражаттар каралууда. Бул эң туура кадамдардан десек болот. Ушул жана башка иштердин аркасы менен Кыргызстан экономикалык өсүштүн темпи боюнча КМШда биринчи орунда турат. 2025-жылдын январь-декабрь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 976,4 млрд сомду түздү. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашты. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 392,5 млрд сомго көп”, - деп айтты экономист.

2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында бир катар максаттуу багыттарга жетүү планы коюлган:

  • Калктын жан башына ИДПны 4 500 долларга чейин жеткирүү;
  • ИДП көлөмүн 30 млрд доллардан кем эмес кылуу;
  • ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин 8 пайыз деңгээлинде камсыз кылуу;
  • Өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киргизүү.

Бул стратегиялык көрсөткүчтөргө жетүү үчүн министрлер кабинети тарабынан жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Статистикалык маалыматтарга таянсак, ИДП адам башына 2020-жылы 1230 доллар болсо, 2024-жылы 2513 долларды түзгөн. Ал эми 2025-жылы 3075 долларга жетти.

597377574_3654943981315441_1590131348309157433_n

2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн жогорулатуу менен калктын жан башына аны 4 500 долларга чейин жеткирүү мерчемделүүдө. Бул өсүштөр алдыдагы 4 жылда камсыздалса, ал натыйжалардын эсебинен Кыргызстанды дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киргизүү максатын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү кыйла жогоруламакчы.

WhatsApp_Image_2025_A4NpJJc.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Ялкун Даутовдун пикиринде, экономикалык өсүш темпи азыркы калыбынан жазбай уланышы үчүн экономикалык абалдын туруктуулугу маанилүү.

"Инвестициялык климатты жакшыртуу менен өлкө өндүрүшүн алдыга жылдыра алабыз. Ички жана тышкы инвестициялар келсе, экономика да өсөт. Өлкө жетекчилиги инвесторлордун агымын дагы да көбөйтүү үчүн ишкерлерге шарттарды түзүү жана аларды колдоо маанилүү экенин айтып келет. Ошондой эле бардык тармактарда алдыңкы технологияларды колдонуу зарыл. Санариптештирүү иштери кызмат көрсөтүүлөрдү ыкчамдатып, ачык-айкындуулукту арттырат. Түштүк Корея, Сингапур, Япония өңдүү өнүккөн өлкөлөр убагында биздин өлкөнүн өнүгүү жолундагыдай учурларды башынан өткөргөн. Алар мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кире алды. Биздин мамлекет акыркы беш жылда кыйла эле өнүгүү жолуна түшүп, чоң кадамдар жасалууда. Эми болгону жапатырмак иштеп, дагы да жакшы натыйжаларды көрсөтүү гана керек", деп белгиледи экономист.