2030-жылга чейин 200 долбоор: Кыргызстанда ири индустриализация башталат

Аналитика Загрузка... 10 Апрель 2026 15:15
WhatsApp_Image_2026_ok0OpE1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Жакынкы 5 жылдын ичинде Кыргызстанда рекорддук көлөмдөгү инвестициялык долбоорлор ишке ашырыла баштайт. Бул жаңы ишканалар өлкөнүн 2030-жылга чейинки өнүгүү программасынын алкагында түзүлүп, ички дүң продукцияны 30 миллиард долларга чейин жеткирүүгө түрткү бере турган негизги кыймылдаткыч күчкө айланышы күтүлүүдө. Чындыгында, бул жерде сөз жөн гана экономиканы жаңылоо тууралуу эмес, кеңири масштабдагы индустриализация жөнүндө болууда. Айрыкча, бул процесстер стратегиялык мааниге ээ тармактарды камтыйт. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди.

Өзгөчө басым аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга жасалууда. Бул багытта ишкерликке сапаттуу бизнес-пландарды түзүүдө колдоо көрсөтүлөт.

“Биз энергетика, туризм, тоо-кен өнөр жайы жана өндүрүш сыяктуу негизги тармактар боюнча 200 ири долбоорду топтоп жатабыз. Ар бир долбоор кылдат иштелип чыгып, толук даяр болгондон кийин потенциалдуу инвесторлорго сунушталат. Ошондой эле бул долбоорлор Кыргызстанда иш алып барган эл аралык донорлорго да активдүү тааныштырылат. Биздин алдыбызга дүйнөдөгү өнүккөн 30 өлкөнүн катарына кирүү өтө чоң жана амбициялуу максат коюлду. Биз ири улуттук долбоорлор дал ушул максатка жетүүдө Кыргызстандын экономикасын алдыга сүрөгөн негизги локомотив болот деп ишенебиз”, – деп түшүндүрдү Бакыт Төрөбаев.

Эксперттердин айтымында, инвестициялык долбоорлор өлкөнүн өнүгүү планына туура келип, бири-бирине шайкеш болушу абдан маанилүү. Ири индустриализация болгондо, экономика ар бир облуста тең өнүгүшү керек.

Ошол эле учурда, завод-фабрикалар бири-бирин толуктап иштеп, чийки заттан баштап даяр продукцияга чейин бир чынжыр түзүлүшү зарыл. Мунун натыйжасында өлкө көбүрөөк пайда таба алат.

Жөнөкөй тил менен айтканда, эгер бир татаал механизм чыгарылса, аны чогултуучу завод жолдорго, транспортко ыңгайлуу жерге жайгашышы керек. Ал эми өтө чоң эмес же жөнөкөй тетиктерди башка аймактарда, аны жасоого шарт жакшы болгон жерлерде чыгарса болот.

Айыл чарбасында да ушундай сыяктуу ар бир аймактын өзүнө ылайыктуу продукциясы бар. Кайсы бир жерде картошка жакшы өсөт, башка жерде өрүк, дагы биринде буурчак же помидор. Бирок ошол азыктарды кайра иштеткен, мисалы, консервациялоо заводу жүк ташууга ыңгайлуу, логистикасы жакшы жерге курулушу керек. Мындан тышкары, ар тармак бири-бирине туура келиши маанилүү. Бир продукция өтө көп болуп кетип, башкасы жетишпей калбашы керек. Баары тең салмакта өнүгүшү зарыл.

Экономист Кубатбек Рахимовдун айтымында, ири индустриализация жөнөкөй, үстүртөн кабыл алынган чечимдер менен ишке ашпайт. Кыргызстан өз экономикасында жакшы натыйжага жетиши үчүн илимий негизделген ыкма жана терең талдоо зарыл.

“200 ишкана түзүү жана ИДПны 30 миллиард долларга жеткирүү демилгеси жөн гана кооз сөз же кагаз жүзүндөгү план болуп калбашы керек. Бул багыт өкмөттөн так чечимдерди кабыл алууну жана конкреттүү иш-аракеттерди талап кылат. Бул жерде негизги ыкма — декларациялар эмес, ишкерлер үчүн реалдуу шарттарды түзүү. Бул сөз жөн эле жеке бизнес тууралуу эмес, өлкөнүн экономикасынын узак мөөнөттүү өнүгүшүнө инвестиция салууга даяр, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн ишкерлер жөнүндө болуп жатат.

Азырынча бизге ар кандай тармактар, аймактар бири-бири менен шайкеш иштеген, ошондой эле ички жана тышкы факторлор эске алынган татаал экономикалык моделдерди түзүү кыйын болуп жатат. Бирок дал ушундай ыкмалар гана ИДПнын өсүшү же түзүлө турган ишканалардын саны сыяктуу көрсөткүчтөрдү так жана маңыздуу талдоого мүмкүнчүлүк берет.

Бул контекстте Улуттук илимдер академиясынын айланасындагы акыркы өзгөрүүлөр да маанилүү. Дал ушундай институттар тармактар аралык моделдерди иштеп чыгуу жана аймактык өнүгүү стратегияларын даярдоо функцияларын өзүнө ала алмак.

УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов акыркы сүйлөгөн сөзүндө Илимдер академиясын кандайдыр бир деңгээлде “бийликтин бешинчи бутагы” катары мүнөздөгөнү бекеринен эмес.

Жалпылап айтканда, өз илимине жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүнө ишеним көрсөтүү бул жөн гана абстракттуу нерсе эмес. Бул экономикалык суверенитеттин негизи болуп саналат. Ал эми ал болсо сапаттуу, терең ойлонулган жана бири-бири менен тыгыз байланышкан өнүгүү программалары аркылуу ишке ашат. Дал ушундай программалар тууралуу азыр сөз болуп жатат”, — деп белгиледи Кубатбек Рахимов.

Бул жерде сөз Кыргызстанды экономикалык өнүгүүнүн жаңы, кыйла жогорку деңгээлине чыгаруу тууралуу болууда. Бул өзгөрүүлөрдүн ийгилиги, албетте, кабыл алынган чечимдердин сапатына жана натыйжалуулугуна түздөн-түз байланыштуу. Азыр келечектин пайдубалы түптөлүп жатат, ошондуктан өнүгүү программасынын ар бир элементи стратегияга так шайкеш келип, аны толуктап турушу зарыл.

Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Нурбек Элебаев белгилегендей, жаңы экономикалык чындыкты калыптандырууда мамлекеттин ролу чечүүчү мааниге ээ болот.

“Бул багытта ийгиликке жетиш үчүн өкмөт кайсы улуттук долбоорлор сөзсүз ишке ашырыларын так чечип алышы керек. Ошондой эле келечеги бар, жакшы натыйжа бере турган жеке долбоорлордун кайсыларын мамлекет колдой турганын да аныктап коюшу зарыл. Бул колдоо мамлекеттик жана тышкы каражаттардын эсебинен болушу мүмкүн. Мындан тышкары, долбоорлорду тандоонун так эрежелери болушу керек жана эң маанилүү деп эсептелген багыттар расмий түрдө артыкчылыктуу деп бекитилиши шарт. Бул жерде мен долбоорлордун тез ишке ашырылышын, жогорку натыйжалуулугун, ошондой эле мамлекет тарабынан инвестициялык жана салыктык колдоо көрсөтүлүшүн айтып жатам. Дал ушундай ыкма өлкөнү өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программа деп аталат. Анда жөн гана тармактар же долбоорлор тизмектелип коюлбастан, ар бири так аныкталып, инвестиция көлөмү эсептелип, качан бүтөрү жана ишке кирери белгиленет. Мындан тышкары, аларга өкмөттүн колдоосу көрсөтүлүп, күтүлгөн жыйынтыктар менен да тыгыз байланыштырылат”, — дейт Нурбек Элебаев.

Эксперттер белгилегендей, жогорку технологиялар доорунда натыйжалуу экономиканы куруу түздөн-түз илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар менен байланыштуу. Азыр мындай стратегиялар жасалма интеллекттин жардамы менен да түзүлүп, иштелип чыгууда. Бул болсо инвестициялык долбоорлордун ишке жарамдуу болушуна, киреше алып келишине жана жакшы натыйжа берерине кошумча кепилдик болуп саналат.