Бишкек, 15.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу-методикалык комплекстер боюнча мамлекеттик ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын президентинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашырууга байланыштуу негизги маселелер каралды.
“Биздин негизги максатыбыз — мектептерди жогорку сапаттагы окуу китептери жана окуу-усулдук материалдар менен камсыз кылуунун системалуу жана ачык-айкын моделин түзүү. Билим берүү адабияттарынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкеш келишин камсыз кылуу, ошондой эле окуу китептерин иштеп чыгуудан баштап мектептерге жеткирүүгө чейинки ар бир этапта заманбап санариптик чечимдерди жана натыйжалуу көзөмөл механизмдерин ишке ашыруу өтө маанилүү. Пландаштырылган бардык чаралар белгиленген мөөнөттө иштелип чыгып, бирдиктүү мамлекеттик программага бириктирилиши керек. Бул айрыкча, 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүү шартында өтө маанилүү жана өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган”, — деди Улан Маматканов.
Жыйында мектептерди окуу адабияттары менен камсыз кылуудагы учурдагы көйгөйлөргө, ошондой эле аларды чечүүнүн практикалык механизмдерин иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, 2027–2030-жылдарга Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу маселеси талкууланды. Белгиленгендей, бул жылдар аралыгында болжол менен 38 млн нуска окуу материалдарын басып чыгаруу зарыл.
Жыйындан соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга президенттин жарлыгын ишке ашырууга жана 2027–2030-жылдарга карата мамлекеттик программаны өз убагында даярдоону камсыздоого багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.