Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. 2027-жылдан баштап энергетикалык система тарыхта биринчи жолу пайдага чыга баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге жасаган кайрылуусунда билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, бул мамлекеттүүлүк үчүн, көз карандысыздык үчүн чоң жетишкендик болуп калат.
"Эгер мен деле “башымды оорутпайын, менин президенттик мөөнөтүм эптеп өтүп кетсе болду” деп ГЭСтерди салбай, реформаларды жасабай, энергияны 5 сомдон импорттоп келип, 1 сомдон элге берип коюп олтура берсем боло берет эле.
Мен бул жолду тандаган жокмун. Эгер мен да ушул жорукту улантсам, анда энергетика системабызда накта катастрофа болмок.
Азыр болсо кышкысын энергияны 3 сомдун тегерегинде (себестоимость) импорт алып келип, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатабыз.
Калган айырма дагы деле министрликтин мойнунда.
Бирок ошого карабастан, биздин жасап жаткан реформалардын, ар кандай айла амалдардын негизинде келерки жылы министрлик 25 миллиард сом карызынан толук кутулуп, 2027-жылы кирешеге чыга баштайт деп үмүт артып турабыз.
Азыркы учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз. Ошондуктан суунун деңгээлин сактоо үчүн жана электр энергиясына болгон тартыштыкты жоюу үчүн биз электр энергиясын көп көлөмдө импорттогонго аргасызбыз", - деп белгиледи президент.
Ошондой эле мамлекет башчысы бүгүн энергияны азыраак импорттош үчүн элди үнөмдөөгө гана чакыруу болуп жатканын айтты.
"Канчалык үнөмсүз колдонсок, ошончолук акча каражатыбыз сыртка чыгып кетип жатат деп билиңиздер.
Ошондуктан бүгүнкү күндө мамлекеттик мекемелерге дагы кечки саат 18:00дөн кийин имараттардагы светтердин, приборлордун баарын өчүрүп кетүү талабын коюп жатабыз.
Энергия эч качан жетишсиз болбойт. Чексиз импорттоп алып келе берсек болот. Бирок бюджеттен ашыкча акчабыз кетип жатат.
Бул каражаттар элдин, өзүңүздөрдүн эле акчаңыздар. Ошону билип коюңуздар.
Эгер чындап келсе, жеке жактар дагы энергияны үнөмдөбөйт.
Кээ бир үйлөрдү карасаң, күндүз деле светти жандырып алышат.
Көчөдө кетип бара жатсаң, короосундагы свети күндүз деле жанып турат.
Ошондуктан учурдан пайдаланып, ар бир жаранга кайрыла кетет элем.
Светти үнөмдөп пайдаланыңыздар. Ар бир күйүп турган 100 Ваттык лампочка бир саат тынымсыз күйсө, Токтогул ГЭСинен 270 литр суу кетип жатат деп билиңиздер.
Элестетиңиздерчи, бир эле лампочка үчүн 270 литр суу агып кетет.
Ошондуктан түнкүсүн баарын өчүрүп жатууну унутпаңыздар", - деди Садыр Жапаров.