Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталып, окуучулар жана ата-энелер үчүн бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. 2026–2027-окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө өтүү улантылып, окуу процессин уюштурууда айрым өзгөрүүлөр болот. Ошондой эле окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги жаңы окуу жылында өлкөнүн мектептеринде кандай өзгөрүүлөр боло тургандыгы тууралуу айтып берет.
Бүгүн өлкө боюнча 1,5 млн окуучу мектепке барды. Алардын ичинен 147 миңге жакын бала алгач ирет мектеп босогосун аттады. Ал эми жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, 2026–2027-окуу жылына карата өлкө боюнча 81 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери толугу менен аяктады.
Алардын ичинен:
- Бишкек шаарында — 9;
- Чүй облусунда — 4;
- Баткен облусунда — 5;
- Жалал-Абад облусунда — 26;
- Ысык-Көл облусунда — 11;
- Нарын облусунда — 13;
- Ош облусунда — 9;
- Талас облусунда — 4 мектеп.

Анын ичинен 40 объектинин курулушу аяктап, 41 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек, Ош жана Манас шаарларында курулуп жаткан 36 жаңы мектепти пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштери жүрүүдө.
12 жылдык билим берүүгө өтүү уланат
Быйылкы окуу жылында 1-, 2-, 3-, 5-, 7- жана 8-класстар 12 жылдык билим берүү системасына өтөт. Агартуу министрлигинен белгилешкендей, бул класстарда жаңы окуу программалары жана жаңы окуу китептери колдонулат.
Ал эми 4-, 9-, 10- жана 11-класстын окуучулары 11 жылдык билим берүү системасы боюнча окуусун улантат.
Окуучулар ишемби күндөрү да билим алышат
2026–2027-окуу жылында окуу программаларын толук өздөштүрүү максатында 6–11-класстын окуучулары кошумча 8 жолу ишемби күндөрү окушат.
Министрликтин маалыматына ылайык, кошумча окуу күндөрүнүн графигин мектептер өздөрү түзүп, ата-энелер жана аймактык билим берүү башкармалыктары менен макулдашат.
Ал эми 1–5-класстар үчүн беш күндүк окуу жумасы өзгөрүүсүз сакталат.

Колледждерге жана ЖОЖдорго тапшыруу
Агартуу министрлигинен “Кабар" агенттигине билдиришкендей, 9-класстан кийин колледждерге жана кесиптик лицейлерге тапшыруу мүмкүнчүлүгү сакталат. Ал эми мектепте 10–12-класстарда окуусун уланткан окуучулар кошумча кесипке чейинки программаларды өздөштүрө алышат.
Илим, жогорку билим жана инновация министрлиги дагы 12 жылдык билим берүү системасына өткөндөн кийин колледжди бүтүргөндөр университетке 2-курска тапшыра аларын тастыкташты.
Жаңы окуу китептери
Азыркы тапта 3 млн 172 миң 728 даана окуу-методикалык комплекс басылып чыгып, мектептерге бөлүштүрүлдү. Учурда дагы 1 млн 442 миң 815 даана окуу-методикалык комплексти басып чыгаруу иштери уланууда.
Эске салсак, 2025-жылы мектептерге жалпы 4 млн 735 миң 870 даана окуу-методикалык комплекс басылып чыгып, бөлүштүрүлгөн.
Ошентип, акыркы эки жылда басылып чыккан окуу-методикалык комплекстердин жалпы саны 9 млн 351 миң 413 даанага жетет.

Каникулдардын графиги
Бекитилген каникул графикке ылайык:
- Күзгү каникул — 5 күн, 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин;
- Кышкы каникул — 10 күн, 1-январдан 10-январга чейин;
- Жазгы каникул — 6 күн, 3-марттан 8-мартка чейин;
- Май айындагы каникул — 9 күн, 1-майдан 9-майга чейин.
Биринчи класстын окуучулары үчүн каникул кошумча эки жумага, 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага узартылат. Кошумча каникулдардын мөөнөтүн аймактын климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарын эске алуу менен райондук жана шаардык билим берүү органдары аныктайт.
2026–2027-окуу жылын мектептерде 2027-жылдын 25-майында аяктоо пландалууда.
500 мектепте шахмат ийримдери ачылат
Республика боюнча 500 мектепте 3 жана 5-класстын окуучулары үчүн шахмат ийримдери иштей баштайт.

Мектептерде психологдор иштей баштайт
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, мындан ары мектептерде психолог кызмат орду киргизилет. Психологдордун штаттык бирдиги мектептеги окуучулардын санына жараша аныкталат:
- 275 окуучуга чейин — 0,25 штаттык бирдик;
- 276дан 550гө чейин — 0,5 штаттык бирдик;
- 551 жана андан көп окуучу болсо — 1 штаттык бирдик каралат.
Кесиптик окутууга өтүү башталат
2026–2027-окуу жылында мектептерде кесиптик окутууга өтүүнүн биринчи этабы башталат. 8-класстарда окуучуларды келечектеги кесиптик багытка даярдоочу даярдык киргизилет. Ал эми жогорку класстарда кесиптик-прикладдык багыттагы профилдик программалар сыноодон өткөрүлөт.
Ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептер менен башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын ортосунда өз ара кызматташуу уюштурулат.
Профилдик окутууга өтүү үч окуу жылынын ичинде этап-этабы менен ишке ашырылат.
2027–2028-окуу жылында профилге чейинки даярдык 9-класстарда киргизилет. Ал эми 11-класстарда академиялык жана кесиптик-прикладдык багыттагы профилдик программалар ишке киргизилет.
2028–2029-окуу жылында 12-класстарда академиялык жана кесиптик-прикладдык багыттагы профилдик программаларды киргизүү пландалууда.

Жыйынтыктап айтканда, жаңы окуу жылы окуучулар үчүн сабактардын башталган күнүнүн өзгөрүшү менен гана чектелбестен, окуу процессин уюштурууда жана билим берүүнүн мазмунунда бир катар өзгөрүүлөрдү алып келди. Ал эми бул өзгөрүүлөр 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн уланышы, 6–11-класстар үчүн кошумча окуу күндөрүнүн киргизилиши, окуу китептеринин жаңыланышы, мектептерде психологдордун жана шахмат ийримдеринин иштей башташы, ошондой эле профилдик окутууга өтүүнүн башталышы менен байланыштуу болду.