Бишкек, 17.10.25 /Кабар/. 2026-жылы кыргыз театрынын 100 жылдык мааракеси кеңири жана чоң салтанат менен белгиленет. Бул тууралуу Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков бүгүн "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, кыргыз театрынын тарыхы 1926-жылдан башталат. Ал жылы Кыргызстанда биринчи театр студиясы уюштурулуп, Россиядан келген режиссёрлор кыргыздын таланттуу жаштарын чогултуп, биргеликте иштей башташкан.
"1927-жылы алгачкы спектакль “Кайгылуу Какей” коюлуп, театр өнүгүү жолуна түшкөн. Алгач Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры түзүлүп, кийин башка театрлар бөлүнүп чыга баштаган. Кийинки 2026-жыл театр жылы деп жарыяласак да болот. Муну биз учурда Маданият министрлигине сунуштап жатабыз. 100 жылдык жөн гана формалдуу белгиленип калбашы керек. Бул мааракени өзгөчө, мазмундуу жана салтанаттуу өткөрүшүбүз керек. Ошондой эле, бул датага карата чоң театр фестивалын уюштурсак туура болот", - деди Өзүбеков.