2026-жылы 25 чакан ГЭС курулат - Садыр Жапаров

Президент Загрузка... 10 Ноябрь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-11-10 at 08.29.43.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. 2026-жылы 25 чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасаганда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, алардын ичинен негизгилери — Орто-Токой ГЭСи (21 МВт),

  • Куланак ГЭСи (100 МВт),
  • Тургент ГЭСи (26 МВт),
  • Майлы-Суу ГЭСи (26 МВт),
  • Ак-Суу ГЭС-3 (17,66 МВт) жана башка көптөгөн иштер жүрүп жатат.

Жалпы кубаттуулук 286,21 МВт.

2027-жылы дагы 14 жаңы ГЭС ишке кирет, алардын ичинде,

  • Папан ГЭСи (27 МВт),
  • Жерүй ГЭСи (28 МВт),
  • Чандалаш ГЭСи (30 МВт),

Жалпы кубаттуулук 172,88 МВт.

2028–2030-жылдары болсо,

  • Коңорчок,
  • Кызыл-Суу,
  • Кичи-Кемин,
  • Кыштуут
  • Төмөнкү Тар ГЭСтери курулат.

Жалпы кубаттуулук — 44,7 МВт.

Жакынкы жылдары ишке ашуучу келечектүү долбоорлордун катарына Чоң-Кемин ГЭСи (26 МВт, Чүй облусу) жана Чок-Тал ГЭСи (3,7 МВт, Ысык-Көл облусу) кирет.

"Мына ошентип жогорудагы ири, орто жана чакан ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүп жатат.

Учурдагы энергетикалык тартыштык — биздин убактылуу гана көйгөй.

Эгер мектеп, бала-бакча, үйлөрдү, завод-фабрикаларды курбасак, бүгүнкү күнгө чейин жогоруда ишке берилген ГЭСтер менен эле илгертен бери келе жаткан дефициттер жабылып, кулагыбыз тынч олтура бермекпиз.

Биз тынч олтурбастан, кыйынчылыкты жеңиш үчүн тынымсыз аракеттерди жасап жатабыз. Эки жарым жылдан кийин кышкы дефицитти жабабыз деген себебим – өлкө боюнча жүзгө жакын ГЭСтер курулуп жатат. Алардын баары бүтөт.

Андан сырткары Кара-Кечеге 1200 Мегаваттык ЖЭБ куруу иштери башталды, анын бир жылдык өндүрүлгөн электр энергиясы 7 млрд кВт саатка чейин жетет. Эки жарым жылда ишке берилет деп турабыз.

Ал бүтсө сөзсүз түрдө кышкы мезгилдеги дефицит жабылат.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин бүтүшүн күтүп олтура берсек, дагы 7-8 жыл кетет. Камбар-Ата толук ишке кирсе, Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкөгө айланат.

Бул багытта биз тынымсыз аракеттерди көрүп жатабыз.

Жогоруда айтылган долбоорлор ишке ашкан сайын, электр энергиясынын тартыштыгы акырындык менен жоюлуп, Кыргызстан энергетикалык жактан коопсуз өз алдынча жана туруктуу мамлекетке айланабыз.

Ошондуктан азыркы убактылуу кыйынчылыктарга чыдап, туура түшүнүп, энергетика системабыздын бутуна туруп кетишине жардам бериңиздер.

Энергияны үнөмдүү, сарамжалдуу колдонуңуздар. Сиздердин кылган жардамыңыздар ошол болот", - деп айтты өлкө башчысы.