2026-жылдан тарта өлкөдө мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр алмаштырыла баштайт

Коом Загрузка... 03 Ноябрь 2025 18:17
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын январь айынан тарта эски үлгүдөгү бардык мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жаңысына алмаштырылат, алардын колдонуу мөөнөтү 10 жылды түзөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

"Колдонуу мөөнөтү 10 жыл болгон айдоочулук күбөлүктөрдүн ээлери алардын мөөнөтү аяктаганга чейин пайдалана алышат", — деди Туманбаев.

Анын айтымында, ошондой эле транспорт каражаттарынын техникалык паспортторун жаңы форматка өткөрүү пландаштырылууда, кагаз документтердин ордуна заманбап пластикалык карталар киргизилет.