2025-жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 51 пайызды түздү

Билим Загрузка... 27 Февраль 2026 17:10
2023-09-30_14-41-43_qokCCvE.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. 2025-жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 51 пайызга жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Байсалов өлкө боюнча 2 344 бала бакчада 3 жаштан 5 жашка чейинки 320 миң 13 бала тарбияланып жатканын белгиледи.

"Республика боюнча иштеп жаткан 2 344 бала бакчанын 490у жеке менчик. 2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу бала бакчалардын саны 347ге көбөйгөн", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган республикалык кеңешме өттү.