Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстанда 76 жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу күн мурун "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Анын айтымында, дагы 41 билим берүү уясы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Натыйжада 17 миң кошумча окуучу орун түзүлдү.
Акыркы беш жыл ичинде, тактап айтканда, 2021-2025-жылдары аралыгында жалпы 673 объекти бүткөрүлүп, анын ичинен 394 мектеп, 147 бала бакчанын курулушу, 114 мектеп жана 18 бала бакчанын капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү.
Маалымат үчүн: Учурда Кыргызстанда 2 394 жалпы билим берүү мектеби иш алып барууда. Анда 1 млн 536 миң 633 окуучу билим алууда. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 45 миң 800 окуучуга көп.