Бишкек, 22.12.25 /Кабар/. 2025-жылы өлкө боюнча 50 миңден ашуун мугалим ар түрдүү багыттар боюнча окутуудан өттү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде Агартуу министрлигинин отчеттук видео тасмасында белгиленди.
Маалыматта айтылгандай, мугалимдер жаңы билим берүү стандарттары, жаңыланган окуу программалары, заманбап окутуу ыкмалары, жаңы окуу китептерин пайдалануу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоодогу жаңы мамилелер боюнча даярдыктан өткөрүлдү.
Окутуулар онлайн жана офлайн форматында уюштурулуп, бардык аймактарды камтууга багытталган. Бул аракеттер билим сапатын жогорулатууга жана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүдө.