2025-жылы өлкөдө 4 429 кырсык катталып, чыгым 2 млрд сомдон ашкан

Кырсык Загрузка... 05 Февраль 2026 16:00
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. 2025-жылы өлкөдө 4 429 кырсык катталып, материалдык чыгым 2 млрд 30 млн сомду түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бул 2024-жылга салыштырмалуу 16 пайызга көп, ал эми чыгымдар эки эсеге көбөйгөн. Кырсыктардын ичинен:

  • өрт - 3754;
  • жол кырсыгы - 271;
  • кар көчкү - 14;
  • сел каптоо - 83;
  • суу каптоо - 22;
  • суу ташкыны - 6;
  • шамал - 35;
  • таш кулоо - 8;
  • сууда катталган кырсыктар - 38;
  • жер көчкү - 9;
  • кутурма - 1;
  • катуу жаан - 2;
  • кар күрткү - 13;
  • оор кар түшүү - 3;
  • шахта урап түшүү - 4;
  • жер титирөө 129;
  • катуу бурганак - 1;
  • мөндүр - 1;
  • бийик тоолуу табигый көлдүн жырылуусу - 1.

Мамбетов белгилегендей, 2025-жылы өлкөдө 14 өзгөчө кырдаал катталып, 32 адам каза болгон. Материалдык чыгымы 60 млн 252 миң сомду түздү. 2024-жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын кесепеттери кыйла азайган.