2025-жылы Кыргызстанда кылмыштуулуктун деңгээли 5,2%га төмөндөдү

Укук тартиби Загрузка... 07 Апрель 2026 17:40
1472674.1.153837560.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстандын аймагында 34 миң 467 кылмыш катталган. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Башкы прокуратуранын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылга салыштырмалуу кылмыштуулуктун деңгээли 5,2%га (1885 учурга) азайган.

"Жалпы катталган кылмыштардын ичинен 29 миң 168и анча оор эмес жана орточо оордуктагы, 4 миң 197си оор жана 1 миң 102си өзгөчө оор кылмыштар. Кылмыштардын басымдуу бөлүгүн же 68,4%ын (23 миң 572) жеке менчикке каршы кылмыштар түзсө, 11,1%ы (3 миң 830) инсанга каршы жасалган. Жалпысынан 22 миң 340 адам кылмыш жасоого тиешеси бар деп табылып, анын ичинен 12 миң 851и жоопкерчиликке тартылды, ал эми 9 миң 480 адамга карата кылмыш иши токтотулган. Жоопкерчиликке тартылгандардын арасында 2 миң 801 аял, 1 миң 814 бала жана 412 чет өлкөлүк жаран бар", - деп белгиледи башкы прокурор.