2025-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 153,8%га көбөйдү - Касымалиев

Министрлер кабинети 1160 09 Декабрь 2025 11:24
6936c4b2dc97a-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6936c4b03ffa1-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
6936c4b2dc97a-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6936c4b03ffa1-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. 2025-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 153,8%га көбөйдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев минкабдын кезектеги жыйынында билдирди.

Касымалиев белгилегендей, консолидацияланган бюджет бекитилгенде 708,8 млрд сом болчу. Азыр бул көрсөткүч 381,7 млрд сомго өстү.

“Бүгүн биз 2025-жылга консолидацияланган бюджетти карап жатып, бюджеттин көлөмү 1,1 триллион сомдон ашканын расмий түрдө жарыялайбыз жана 2025-жылы – триллиондук тарыхый чекти басканыбызды белгилейм. Бекитилген консолидацияланган бюджет 708,8 млрд сом болчу, азыр – 381,7 млрд сомго өсүү же 153,8%га көбөйүшү менен жылды жыйынтыктаганы жатабыз. Киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин 10 млрд сомдон ашык профицит менен бул жылга чыгабыз”, – деп айтты ал.