2025-жылы чет өлкөдөн Кыргызстанга 80 жаран экстрадицияланды

Укук тартиби Загрузка... 07 Апрель 2026 18:14
244229.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 07.04.2026. /Кабар/. 2025-жылы Кыргызстандан эл аралык издөөдө жүргөн 74 чет өлкөлүк жаран башка мамлекеттерге өткөрүп берилди. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ошол эле учурда өз мекенинде кылмыш жасап, чет өлкөгө качып кеткен Кыргызстандын жарандары боюнча 143 эл аралык суроо-талап жөнөтүлүп, анын ичинен 80 адам Кыргызстанга экстрадицияланган.

"Учурда чет өлкөлөрдө 1 миң 423 жараныбыз камакта отурат, алардын 1 миң 126сы Россияда. 753 адам жазасын Кыргызстанда өтөө ниетин билдиришкен. Алардын ичинен 13 жаранга баш тартуу жообу келсе, 160 жаранды кайтарууга мыйзам жол бербейт, ал эми 65 адам мекенинде жаза өтөөдөн баш тарткан. Кайрадан кайрылган учурда бул процесс кайра жанданышы мүмкүн", — деди башкы прокурор.

Ал акыркы үч жыл ичинде соттолгондорду которууда туруктуу динамика байкалганын кошумчалады: Россиядан 232 адам, Казакстандан 4 жана Кытайдан 1 адам кайтарылган.

"2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу мекенине кайтарылган жарандардын саны 115 адамга көбөйдү", - деп кошумчалады Максат Асаналиев.