Ташкент, 13.01.26. /Кабар/. 2025-жылдын 11 айында 14 миңден ашуун Кыргызстандын жараны медициналык жардам алуу үчүн Өзбекстанга барганын, өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады.
Расмий маалыматка ылайык, жыл башынан бери Өзбекстанга дарылануу максатында жалпы 80 миң 653 чет өлкөлүк жаран келген.
Медициналык туристтердин негизги бөлүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары түзөт. Атап айтканда, Тажикстандан 55 миң 851, Кыргызстандан 14 миң 296, Казакстандан 7 миң 633 адам Өзбекстанда дарыланган.
Башка мамлекеттерден келгендердин саны кыйла аз болду. Россиядан 1 миң 820, Афганистандан 678, Түркмөнстандан 219 жаран медициналык кызматка кайрылган.
Ошондой эле Түркиядан 47, АКШ жана Кытайдан 15тен, Азербайжандан 10 бейтап катталган. Дагы 69 адам башка өлкөлөрдөн келген.