2025-жылдын январында 6 332 жаранга пенсия чектелди

Экономика Загрузка... 10 Февраль 2025 18:00
1.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь айында Кыргызстанда 6 332 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, пнын ичинен 4 758 жаранга пенсия жаңы чектелди.

Мындан тышкары, кошумча берилген документтердин негизинде (эмгек стажы, айлыгы, окуусу жана майыптыгы боюнча) 1574 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди.