2025-жылдын I кварталында 63,8 млрд сомдон ашык салык чогултулду - Рахманов

Экономика Загрузка... 14 Апрель 2025 12:21
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын I кварталында 63 млрд 852 млн сомдон ашык салык чогултту. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди.

Анын айтымында, бул былтыркы жылдын I кварталына салыштырмалуу 15 млрд 800 млн сомго көп. Тагыраагы, Салык кызматы бүгүнкү күндө 32 % өсүү темпи менен бара жатат.

“Бул албетте, жакшы көрсөткүч. Учурда камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо дагы Салык кызматына жүктөлгөн. 3 айдын жыйынтыгы менен 19 млрд 114 млн сомдон ашык төгүм чогултулуп, план 1 млрд 14 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 2025-жылдын I кварталында 82 млрд 966,7 млн сомго жетти. Бул эбегейсиз чоң көрсөткүч”, - деди ал.