Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Америкалык Time журналы жыл сайын жарыялап келген "Жылдын мыкты ойлоп табуулары" тизмесин сунуштады.
Бул жылы ал тизмеге 300дөн ашуун технологиялык жаңылыктар, инновациялар жана гаджеттер кирген.
Ойлоп табуулар төмөнкү негизги категорияларга бөлүнгөн:
Робототехника
- Figure 03 - үй иштерине жардам берүүчү интеллектуалдуу робот;
- HoverAir X1 ProMax - жеңил салмактуу, чакан, өз алдынча учуучу дрон.
Космос
- AST SpaceMobile BlueBird - спутниктик интернет өткөрүү технологиясы;
- Вера Рубин обсерваториясы - астрономия жаатындагы ири ачылыштар үчүн негиз түзөт.
Керектөөчү буюмдар
- Apple AirPods Pro 3 - үн сапаты жана ыңгайлуулугу менен өзгөчөлөнөт;
- 70mai Dash Cam 4K Omni - жогорку сапаттагы авто видеорегистратор;
- Biwin Micro-SSD - өтө кичинекей, бирок кубаттуу эс тутум;
- Fujifilm Instax Wide Evo - заматта сүрөт чыгарган аналог-санарип камера;
- Huawei Pura 80 Ultra - өнүккөн камера мүмкүнчүлүгү менен жабдылган смартфон;
- Samsung Micro RGB - жаңы муундагы сапаттуу телевизор;
- Tecno Megabook S14 - жогорку өндүрүмдүү, жеңил ноутбук.
Акылдуу буюмдар
- Oura Ring 4 - ден соолукту көзөмөлдөөчү акылдуу шакек;
- Garmin Index Sleep Monitor - уйку сапатын анализдөөчү буюм.
Электр унаалар
- BMW iX3 - премиум класстагы электр кроссовер;
- BYD Seagull - жеткиликтүү жана экологиялык таза шаардын унаасы.