2024-жылы Улуттук банкка 9 миңге жакын жарандан кайрылуу түшкөн

Коом Загрузка... 13 Февраль 2025 09:00
uluttuk-bank.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. 2024-жылы Улуттук банкка, анын ичинде облустук башкармалыктарга жарандардан 8 761 кайрылуулар түшкөн.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, анын ичинен:

  • 1 613 кайрылуу - жазуу түрүндө;
  • 4 443 кайрылуу - оозеки;
  • 2 705 кайрылуу- электрондук түрүндө.

Белгиленгендей, бардык учурларда керектөөчүлөргө түшүндүрмөлөр берилген.

Коомдук кабылдаманын иши калкка Улуттук банктын компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды жана консультацияларды берүүгө, ошондой эле жарандардын кат жүзүндөгү жана оозеки кайрылуулары менен иш алып барууга багытталган.

Коомдук кабылдамалар Бишкек шаарында, Улуттук банктын облустук башкармалыктарында жана Баткен облусундагы өкүлчүлүгүндө туруктуу негизде иштеп келет.