Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. 2024-жылы Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасында жалпы суммасы 109 миллиард 779,15 миллион сомду түзгөн 2406 келишимдер түзүлгөн.
Ведомстводон билдиришкендей, 2023-жылга салыштырмалуу 2024-жылы сооданын көлөмү 80 миллиард 683,19 миллион сомго көбөйгөн, ал эми 2023-жылы бүтүмдөрдүн саны 2 024,00, сооданын көлөмү 29 миллиард 95,96 миллион сомду түзгөн.
Анын ичинен корпоративдик баалуу кагаздар рыногунда 103 миллиард 613,87 миллион сомдук 1776 бүтүм, мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда 3 миллиард 777,78 миллион сомдук 620 бүтүм, товардык жана чийки зат секторунда 2 миллиард 387,50 миллион сомго 10 келишим түзүлгөн.
2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу корпоративдик баалуу кагаздар боюнча сооданын көлөмү 76 072,44 миллион сомго көбөйгөн. 2024-жылы биринчилик жана экинчилик рыноктордо соода көлөмүнүн өсүшү байкалган, атап айтканда:
- 2024-жылы корпоративдик баалуу кагаздардын биринчи рыногунда 987 бүтүм 2023-жылга салыштырмалуу 71 979,39 миллион сомго көбөйгөн.
- отчеттук мезгилде корпоративдик баалуу кагаздар менен экинчилик рынокто 4 408,70 млн сом суммасында 789 бүтүм ишке ашырылган, 2023-жылдын жыйынтыгы менен айырма 4 093,06 млн сомду түзөт.
2024-жылы листингдик компаниялардын баалуу кагаздары менен 1420 бүтүм түзүлүп, сооданын көлөмү 91 миллиард 801,00 миллион сомду түзүп, өткөн 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу листинг секторунда сооданын көлөмү 73 миллиард 272,99 миллион сомго көбөйгөн.
2024-жылдын ичинде листингден өтпөгөн компаниялардын баалуу кагаздары менен жалпы суммасы 11 миллиард 812,87 миллион сомду түзгөн 356 бүтүм катталган.
2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2024-жылы катталган операциялардын көлөмү 2 миллиард 799,46 миллион сомго көбөйгөн.