Минкаб төрагасы: Жарандарга мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Коом Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 16:35
530a7260_dE9eh.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда жарандарга мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Финансы министрлиги 500 млн сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууда. Облигациялар эки жылдык мөөнөткө 17 пайыз менен берилип жатат.

“Жарандар баалуу кагаздарды “MegaPay” тиркемесинен сатып алса болот. Бир баалуу кагаздын баасы 100 сомду түзөт. Мында бир четинен жарандар 100 сомун көбөйтүп алганга мүмкүнчүлүк алышат. Экинчиден, мамлекет каражатты өндүрүшкө, өнүгүүгө жумшаса болот. Бул инфляцияны басаңдатуунун жолдорунун бири”, - деп белгиледи минкаб жетекчиси.