Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. 2024-жыл Кыргызстан үчүн бизнес чөйрөсүндө чоң өзгөрүүлөргө бай жыл болду. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору Аскар Сыдыков радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө экономикалык көрсөткүчтөрдүн жогорулашы, инфраструктуранын жакшырышы, керектүү мыйзамдардын кабыл алынышы ишкерлерге чоң дем берди.
“Бирок, мыйзамдын үстөмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рейтингде биз 130-орунда экенбиз. Бул 142 өлкөдөгү мыйзамдын сакталышын талдоочу рейтинг болуп саналат. Тагыраагы, жеке ишкердин мыйзам түрүндө укугу сакталабы же кандай, деген сыяктуу суроолордун жообун талдоочу рейтинг. Рейтингте көрсөтүлгөндөй, тилекке каршы өлкөдө биздин жеке укуктарыбыздын сакталышы начар экен. Бул рейтингди эске алуу менен, ишкерлердин укуктарын көзөмөлгө алуу, коргоо керек. Себеби, өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик баары жеке ишкерлердин корголушу менен алдыга жылган”, - деди ал.
Ал белгилегендей, учурда ишкерлер мурунку жылдарга салыштырмалуу кылмыштуу топтордон кооптонбой калышты.
“Буга чейин ишкерлер уюшкан кылмыштуу топтордон бизнесимди тартып алат, деп кооптонуп келишкен. Өзгөчө аймактардагы ишкерлер, борбор каалада андай коркунуч жокко эсе эле. УКМКнын эмгегинин аркасында, былтыр кылмыштуу топтор дээрлик жок болуп калды. Ишкерлерге бул жактан да жакшы колдоо болду десем болот”,-деди ал.