Соцконтракт. Мамлекеттен кайтарымсыз каражат алып, кыялын орундаткан ишкер айым

Аймак 2137 06 Март 2025 18:37
IMG_2834.jpeg
IMG_2833.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2834.jpeg
IMG_2833.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну, беш баланын энеси Айпери Акматова “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында кайтарымсыз каражат алып, өзү кыялданган ишкерлигин түптөөгө жетишти.

Белгилүү болгондой, ал ишкерлигин ийгиликтүү жүргүзүү менен үй-бүлөлүк кирешесин көбөйтүүгө, жумуш ордун түзүүгө да үлгүргөн.

“Айыл өкмөткө барып ушул “Социалдык келишим” долбоорун угуп калдым. Ага чейин ушул сулуулук салонго келип жардамчы болуп иштеп жүргөм. Кийин бул тармакта өсүү максатында окуудан өттүм. Ортодон салон сатыла турган болуп, аталган долбоор менен каражат алып, сатып алып иштеп жатам. Биринчиден президентибизге рахмат айтам. Буйруса кардарлар үчүн мындан да жакшы шарттарды түзгөнгө аракет кылам. Салондон башка дүкөн ачууну да пландап жатам”, - деди Айпери Акматова.

Белгилей кетсек, учурда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда “Социалдык келишим” долбооруна катышып ар кандай багытта ишкерлик баштаган үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө. Миңге жакын үй-бүлө мал-чарбачылык, өндүрүштүк багытта баштаган ишинен жыйынтык чыгарып, киреше булагын арттырышууда.

Маалым болгондой, өткөн жылы “Социалдык келишим” долбоору аркылуу жалпы республикада 20 миңден ашык үй-бүлө кайтарымсыз каражат берилсе, Ош облусунун Кара-Кулжа району боюнча 656 жаранга берилген.