Май менен кумшекердин баасы жөнгө салынбаса, эл 1,2 млрд сом жоготмок – Орозбаев

Экономика Загрузка... 18 Декабрь 2025 13:51
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. 2021-жылы суу май менен кумшекердин баасы жөнгө салынбаса, калк 1,2 млрд сомун жоготмок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Жээналы Орозбаев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, ошол убакта 90 күндүк мөөнөткө жөнгө салуу киргизилгендиктен, баа турукташтырылган.

“Мына 2021-жылы өсүмдүк майына жана кумшекерге 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Эгерде биз ушундай жөнгө салуу киргизбей койгондо, эл 1 млрд 200 млн сомун жоготмок экен. Биз муну эсептеп чыктык. Себеп дегенде, майдын 1 литрин 180 сомдон сата башташкан. Ага чейин 110 сомдун тегерегинде болгон. Кумшекерди 105 сомго чыгарышкан. Азыр кумшекердин баасы 75 сом. Мына ушундай иштерди жүргүзүүдө биздин кызматтын таасири бар”, - деп белгиледи ал.