2018-2019-жылдары туулган балдар 2-класска барат - Билим берүү министрлиги

Загрузка... 18 Февраль 2025 17:08
WhatsApp_Image_2025-02-03_at_17.22.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.02.25./Кабар/. 2025-2026-окуу жылында 2018-2019-жылдары туулган, бала бакчаларда даярдоо тобун жана нөлүнчү классты аяктаган балдар 2-класска барат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Жусупбекованын айтымында, алар дагы мектепти 17 жашында бүтүрүшөт. 2019-жылы төрөлгөн балдар 1-класска барат. Алгачкы 12 жылдык билим берүү тууралуу аттестат 2027-2028-окуу жылында берилет.