Мыйзамсыз иштеген завод: Таласта каттоосу жок курулуш аныкталды

Аймак 26 Январь 2026 10:39
617831675_1398104105121968_6853227040713452608_n.jpg
621723579_1398104551788590_1459888502497808206_n.jpg
621769280_1398104545121924_5831635390497323492_n.jpg
621813946_1398104511788594_7537382053683402417_n.jpg
622334777_1398104521788593_3711666592634499986_n.jpg
622380744_1398104575121921_8639151300449841191_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Айтматов районунун Чоң-Кара-Буура айылында асфальт-бетон заводу реестрге катталбастан курулуп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле курулуш иштери 70 пайызга аяктап, завод толук кандуу иштеп жаткандыгы маалым болду.

Натыйжада натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Гранит Транс Сервис" ЖЧКсына карата 200 миң сом айып салынып, реестрге каттоо боюнча көрсөтмө берилди.

Мындан тышкары, Талас шаарындагы бардык курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз уланууда.

Маалымат үчүн: Курулуш реестри - мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүүчү, курулуш объекттеринин, долбоорлоочу жана куруучу уюмдардын, техникалык жана автордук көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жактардын, ошондой эле уруксат берүүчү жана долбоордук документтердин эсебин жүргүзүүгө арналган маалыматтык система.