Акыркы 20 жылда балдардагы гепатит В оорусу 145 эсеге кыскарды

Ден соолук Загрузка... 24 Февраль 2026 18:15
WhatsApp Image 2026-02-24 at 18.09.57.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. 2000–2020-жылдар аралыгында балдар арасындагы гепатит В оорусу болжол менен 145 эсеге кыскарган. Бул өлкөдөгү профилактикалык саясаттын ийгиликтүү мисалы болуп саналат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, 2002-жылдан тартып В гепатитине каршы эмдөө профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларды эмдөө республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат, ал эми 1 жашка чейинки балдарды эмдөө Gavi - Глобалдык вакцина жана иммундаштыруу альянсы менен биргеликте жүргүзүлөт.

Ал эми 2022-жылдан тартып чоңдорду эмдөө башталган. Пилоттук долбоор менен Роспотребнадзордон 350 миң доза вакцина жана 140 миң экспресс-тест алынган. Программа алгач Чүй облусунда жана Бишкек шаарында башталып, кийин башка аймактарга да киргизилген.

2026-жылдын 1-февралына карата:

  • 1 доза алгандар — 323 миң 638 адам;
  • 2 доза алгандар — 271 миң 182 адам (83,8%);
  • 3 доза алгандар — 195 миң 92 адам (73,6%).