№2 клиникалык оорукана апрелге чейин толук жабдылат: Касымалиев тапшырма берди

Ден соолук Загрузка... 05 Март 2026 17:10
69a94810b80bf.jpg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. Бишкек шаардык №2 көп тармактуу клиникалык ооруканасында бир катар системалуу көйгөйлөр бар экени айтылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Маалыматта белгиленгендей, кээ бир блоктордун курулушу 2022-жылы дээрлик аяктаганына карабастан, керектүү медициналык жабдуулардын жетишсиздигинен объекттер дагы деле толук кандуу иштей элек.

Белгиленгендей, медициналык мекемелерди борбор калаанын мэриясынан Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берүү учурунда абал татаалдашкан.

Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине оорукананы медициналык жабдуулар менен камсыздоо боюнча сунуштарды тез арада Финансы министрлигине киргизүүнү жана ушул жылдын апрель айына чейин бардык иштерди толук бүткөрүүнү тапшырды.

Минкаб төрагасы бул тапшырманын белгиленген мөөнөттө аткарылышын жеке өзү көзөмөлдөй турганын белгиледи.