171 миңден ашык бейтап: Мобилдик клиника долбоорун 2 жылга узартуу сунушталды

Ден соолук 28 июля 2026 17:10
e5fbc54c-caf3-4e20-8275-5bfc16d1db62.jpg
e67eccd5-86d1-43c1-b615-e77eaeb6570a.jpg
e1dbd878-2b26-4bca-b42e-a028195ac0e7.jpg
Алдыга
Артка
e5fbc54c-caf3-4e20-8275-5bfc16d1db62.jpg
e67eccd5-86d1-43c1-b615-e77eaeb6570a.jpg
e1dbd878-2b26-4bca-b42e-a028195ac0e7.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) делегациясы менен жолугушуп, мобилдик клиника долбоорун талкуулады.

Ведомстводон билдиришкендей, 2021-жылдан бери бул мобилдик клиника алыскы аймактардагы 171 миңден ашуун бейтапка акысыз жардам көрсөтүп, 587 миңден ашык диагностикалык изилдөө жүргүздү.

Учурда Саламаттык сактоо министрлиги клиниканы өз балансына алууга даярданууда.

Жолугушууда иштерди толук жана тоскоолдуксуз өткөрүп алуу үчүн кыргыз тарап ИӨБгө долбоорду каржылоону дагы 2 жылга узартуу сунушун киргизди. ИӨБ өкүлдөрү кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.