Бүгүн Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинен 1080 батир жарандарга тапшырылды. Үйлүү болууну самагандардын катарында мугалим, аскер кызматкери, дарыгер, мигрант, тарбиячы жана башка кесип ээлери бар. “Кабар” агенттиги колуна батирдин ачкычын алган мугалим Жылдыз Букабаева менен маектешип, кубанычын тең бөлүштү.

Жылдыз Букабаева 5 баланын энеси. Учурда ал К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштейт. Жолдошу соода-сатык менен алектенет.

Жылдыз Букабаеванын айтымында, көп балалуу үй-бүлө турак жайлуу болуу үчүн 2021-жылдын ноябрь айында Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке турган. Эми минтип көптөн күткөн кыялдары орундалып, үйлүү болуп отурушат.

“Жыл жаңырганда кезегибиз келип, үйлүү болдук. 5 балалуу деп 3 бөлмөлүү батир берилди. 24 кабаттуу турак жайдын 5-кабатындагы батир туш келди. Жаңы жылдын кирип келиши менен батирибиздин ачкычын алдык. Аябай сүйүнүп жатабыз. Көптөн бери күттүк эле. Азыр үч кыз, эки эркек балабыз бар. Улуу кызыбыз 15 жашта. Кичүүлөрү эгиздерибиз жакында бир жашка чыгат. Жолдошум соода-сатык менен алектенет. Мен болсо 20 жылдан бери мугалим болуп окуу жайда иштеп келе жатам”, -деди ал.
Жылдыз Букабаева үй-бүлөсү менен жаңы үйгө эмеректерин камдаган соң көчүп келүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатышканын белгиледи. Ал үйлүү болууну каалаган ар бир мекендешине тилектеринин орундалышын каалады.

“Сабырдын түбү сары алтын, - деп кыргыз эли айтып келген да. 2022-жылдан бери сабырдуулук менен күтүп, эңсеген үйүбүзгө жетип отурабыз. Мына биз 17 жылдан бери Бишкекте батирди ижарага алып жашап келдик. Шаардын ар бир районунда жашап чыктык окшойт. Кезекке турам дегендерге жакшы ниет менен айтмакмын, азыр мурункуга караганда үйлөр бат-баттан салынып, кезек тез жылып жатат. Кезекке туруу да жеңил жана ыңгайлуу десем болот. Азыр үйдө отуруп эле “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн кезекке турса болот экен”, - дейт мугалим.