Таласта 22 ири долбоордун алкагында 1500 жумуш орду түзүлөт

Аймак Загрузка... 27 Март 2026 11:55
3.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Талас облусунда 22 ири долбоорду ишке ашыруунун алкагында 1500дөн ашык жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.

Анын айтымында, учурда облуста президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бир катар долбоорлор турмушка ашырылууда. Бул демилгелер аймакты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого жана экономикалык өсүштү стимулдаштырууга багытталган.

"Ири долбоорлордун ишке кириши жергиликтүү тургундарды 1500дөн ашык иш орду менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет", — деди ал.

Бул долбоорлорду ишке ашыруу Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам болору баса белгиленди.