Бишкек, 09.12.25 /Кабар/. Эгерде кийинки жылдын февраль айынын соңуна чейин Улуттук телерадиоберүү корпорациясында кызыктуу жана сапаттуу материалдар жасалган болсо, айлык маяна көтөрүлөт. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров күн мурун УТРКга барганда айтты.
Президенттин айтымында, дал ушундай эле талап ЭлТР телеканалына да коюлат.
“Алдыдагы 1,5 ай ичинде телеканалдын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлүп, кандай материалдар кандай сапатта берилгени тыкыр көзөмөлдөнөт. Болгон талантыңарды, күчүңөрдү жумшагыла. Эң башкысы эркин телеканал болгула. Бийликти мактап эле отура берүүгө болбойт. Аймактардагы, министрликтердеги көйгөйлөрдү чагылдыргыла. Ал көйгөйлөр боюнча материалдарды даярдагыла. Эч нерсени жашырууга болбойт. Эч ким силерге тоскоол болбойт”, – деди ал.