14-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 14 октябрь 2026 08:30
14-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 14-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн республикабыздын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.

Чүй, Баткен облустарында+18...+23, Талас облусунда +17...+22, Ош, Жалал-Абад облустарында +19...+24, Ысык-Көл облусунда+13...+18, Нарын облусунда +14...+19 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында +21...+23 градуска жетет.