14-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 14 Ноябрь 2025 08:55
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-ноябрга күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болот.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13... +18, Талас жергесинде +12... +17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +14... +19 градус, Ысык-Көлдө +9... +14, Нарын облусунда +7... +12 градусту түзөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +15... +18 градус болуп, жылуу болот.