Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. 2024-2028-жылдарга карата "Алтын Казык" билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүү боюнча иш-аракеттер планында каралган чаралардын 79 пайызы аткарылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин жыл жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылды.
Маалыматка караганда, 2025/2026-окуу жылынын башына карата ар бир сабак боюнча (1-6 жана 7-12-класстар үчүн) предметтик стандарттар жана окуу программалары иштелип чыкты.
Жалпысынан 856 млн 548 миң 703 сомго 4 млн 84 миң 870 окуу-методикалык комплект басылып чыгарылды. Мындан тышкары, жогорудагы окуу-методикалык комплекттердин 580 комплекти Брайль шрифти менен 7 млн 320 миң сомго басылып чыгарылууда.
Белгиленгендей, 2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга бөлүнгөн 744 млн сомдон тышкары, кошумча 112 млн сом бөлүндү.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Россиянын Агартуу министрликтеринин ортосундагы меморандумдун алкагында 1-2, 5 жана 7-класстар үчүн "Орус тили жана окуу", "Орус тили", "Орус адабияты" жана "Орус жана дүйнөлүк адабият" сабактары боюнча окуу-методикалык комплекстер Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында колдонуу үчүн ылайыкташтырылып, экспертизадан өткөрүлүп мектептерге жеткирилди.
STEM мугалимдери үчүн жаңы билим берүү стандарттарын жана окуу-методикалык комплекттерди окуу процессинде колдонуу боюнча окуу модулу жана жумушчу дептерлер жана тренерлер үчүн колдонмо иштелип чыкты.
Жаңы Мамлекеттик стандарттын, предметтик стандарттардын жана окуу пландарынын негизинде мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун 88 программасы жаңыртылды.
2025-жылдын апрель айында Кыргызстан PISA 2025 эл аралык окуучуларды баалоо программасынын алкагында негизги изилдөө жүргүздү. Негизги изилдөөгө 196 жалпы билим берүү уюмунан 6911 окуучу катышты.