12 жылдык билим берүүгө өтүүдө мугалим жүз сааттык даярдоо курсунан өтөт - Токтомаметов

Билим Загрузка... 12 Март 2025 11:01
WhatsApp Image 2025-03-11 at 15.26.02.jpeg
copyright icon Акназик Тургунбаева

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө мугалим жүз сааттык даярдоо курсунан өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди.

Анын айтымында, жаңы программага өтүп жаткан класттардын мугалимдери эми мурдагы программа менен билим алышпайт.

“Жаңы окуу жылы башталганга чейин мугалимдерди жаңы программа менен окутабыз. Башында окутуу оффлайн форматта башталып, андан соң окуу жылы ичиндеги каникул учурунда алардын окуусу онлайн форматта улантылат. Мугалимдердин тынчсыздануусуна эч кандай негиз жок”,-деди ал.