12 жылдык билим берүү — окуучуларды дүйнөлүк стандартка даярдайт

Билим Загрузка... 10 Сентябрь 2025 18:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.09.25 /Кабар/. Кыргызстанда Агартуу тармагы быйылкы жаңы окуу жылынын башталышы менен 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө. Бул реформа өлкөнүн билим берүү стандарттарын эл аралык деңгээлге чыгарууга жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган. Ошондой эле ийкемдүү, инклюзивдүү жана инновациялык билим берүү системасын түзүүгө мүмкүндүк бере турган стратегиялык маанилүү кадам. Кыргызстан бул кадамды коңшу мамлекеттердин арасынан алгачкылардын болуп таштады. Муну утурлай күн мурун Өзбекстан өлкөсү да жалпы 12 жылдык орто билим берүү системасына өтөрүн жарыялады.

12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн башында – аны эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү маселеси турат. Муну менен кыргызстандык окуучулар чет элдик ЖОЖдорго тапшырууда даярдоо курстарын (foundation courses) окубастан оңой тапшырышат. Ошондой эле эл аралык программаларга катышууга жана окуу программаларын эл аралык деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Буга карата билим берүүнүн мамлекеттик стандарты жана предметтик стандарттар иштелип чыкты.

12 жылдык билим берүүгө өтүү системасында негизги төмөнкүдөй өзгөрүүлөр

- Окутуу жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча жүргүзүлөт;

- Предметтик стандарттар жана программалар 1-12-класстар үчүн жаңыланды;

- Жаңы муундагы окуу китептери массалык түрдө мектептерге жеткирилүүдө;

- Кыска мөөнөттө он миңдеген педагогдор тренингдерден жана семинарлардан өтүштү;

- Мугалимдерди “Алтын Казык” ноутбуктары менен камсыздоо;

- Мектептерде электрондук күндөлүктөр жана санариптик платформалар түзүлдү.

Ал эми негизги жыйынтыктар катары төмөнкүлөр аныкталды:

Мамлекет биринчи жолу окуу китептерине, санариптештирүүгө жана кадрларды даярдоого ири суммада каражат бөлдү;
90 миңден ашуун мугалим кайра даярдоонун жана окутуунун эсебинен кесиптик жаңылоонун катышуучусу болду;
Мектептер окуу-методикалык материалдар менен камсыз болушту.

Окуу-методикалык комплекстер

Быйыл, 2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 млн сом бөлүндү, бул – Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук сумма. Бул каражаттарга 3 – 9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу китептери басылып чыгып, мектептерге жеткирилди. Ошондой эле 1 – 2 жана 5 – 7-класстар үчүн математика жана табигый илимдер боюнча окуу китептери басылып чыга баштады.

WhatsApp Image 2025-09-10 at 18.30.50.jpeg

Россиялык жана сингапурдук өнөктөштөр менен биргеликте орус тили, орус адабияты жана STEM багыттары боюнча окуу-методикалык комплекстер адаптацияланды. Аларды мектептерге жеткирүү үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталат.

Басылган китептерден тышкары, бардык окуу китептери http://kitep.edu.kg/ порталы аркылуу электрондук түрдө жеткиликтүү болуп, “Санарип Кампа” платформасына интеграцияланды.

Класстар төмөндөгүдөй ирээтте бөлүндү:

  • 1-6-класттар – башталгыч класстар;
  • 7-8-9-класстар – ортоңку класстар;
  • 10-11-12-класстар – жогорку класстар болушат.

Кесиптик жана академиялык багытты тандоо мүмкүнчүлүгү

Жогорку класстарда окуучулар өзүнүн келечектеги кесибине ылайык сабактарды тандай алышат.

  • ЖОЖго даярдоо процессин жеңилдетет,
  • окуучуларды кесиптик багытка эрте үйрөтөт,
  • келечекте кесип тандоо менен байланышкан катачылыктардын санын азайтат.

Билимдин сапатын жогорулатуу

12 жылдык система окуу жүктөмүн оптималдаштырууга шарт түзөт. Окуучулар:

  • ар бир предметти тереңирээк үйрөнө алышат,
  • теория менен практиканы тең алып жүрө алышат,
  • мектепти бүткөндө көбүрөөк компетенцияга ээ болушат.

Эл аралык атаандаштыкка даяр болуу

12 жылдык система бүтүрүүчүлөрдү дүйнөлүк эмгек рыногуна жана билим берүү мейкиндигине даяр кылат:

  • чет өлкөлөрдөгү стипендия жана программаларга катыша алышат,
  • заманбап технологияларды жана билимди өздөштүрүүгө ыңгайлуу шартка ээ болушат.

Агартуу министрлигинде буга чейин көрүлгөн даярдыктар, жүргүзүлгөн динамикалуу иштер жана жүзөгө ашырылган өзгөрүүлөр — өлкөнүн билим берүү системасын жогоруда көрсөтүлгөн стандарттарга ийгиликтүү түрдө трансформациялоо процессинин көрүнүштөрү болуп саналат. Кыргызстан бул багытта биринчи кадамдарын жасады жана этап-этабы менен бардык иштер ийгиликтүү ишке ашырылып келүүдө. Муну менен бирге эле бул убакытты талап кылуучу, татаал процесс экендиги да маалым.

12 жылдык билим берүү система дүйнөнүн 150дөн ашуун өлкөсүндө колдонулат. АКШ, Канада, Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүк бөлүгү, Япония, Кытай, Түштүк Корея, Австралия ж.б. көптөгөн мамлекеттер бул ыкмага өтүшкөн. Ал эми постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан Россия, Беларусь, Армения, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндө 11 жылдык билим берүү стандарты сакталган.

Ал эми Өзбекстан күн мурун жалпы орто билим берүү 12 жылдыкка өзгөртүлөрүн билдирди. 12 жылдык билим берүү системасына өтүү бүтүрүүчүлөргө чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларга тапшырууда даярдоо курстарын (foundation courses) окубай эле, окуу жылын сактоого мүмкүнчүлүк берет деп белгиленди.