12 жылдык билим берүү. Дароо 2-класска кабыл алынган окуучулар үчүн китептер даяр эмеспи?

Билим Загрузка... 10 Сентябрь 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-09-10 at 15.30.25 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. 12 жылдык билим берүүнүн алкагында дароо 2-класска кабыл алынган окуучулар үчүн китептер даяр эмес болгондуктан эски китептер менен окуп жатышабы?

“Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде берилген бул суроого Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемесинин директору Төлөгөн Аматов жооп берди.

Аматовдун айтымында, 2-класстын китептери келгенче https://kitep.edu.kg/ сайты жасалып, ал жерге биздин автордук укугу бар китептердин бардыгы чыгарылган.

“Ал китептерди онлайн форматта же көчүрүп алып колдонсо болот. Биз ошол көйгөйдү чечиш үчүн бул платформаны иштеп чыктык. Кечээ кечки маалымат боюнча 3 миллиондон ашык адам сайтка кирип, колдонуп жатат. Мында китептерди көчүргөндө, онлайн форматында окугандар бар”,- деди министрликтин өкүлү.