Бүгүн Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда 12 жылдык мектептик билим берүүнү этап менен киргизүү улантыларын белгиледи. Мында билим берүүнү трансформациялоо 6 жаштан тартып бир окуу жылын кошуп коюу менен гана чектелбей тургандыгы, окутуунун сапатын жогорулатууга, мектеп программасынын жүгүн жеңилдетүүгө жана билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталгандыгы айтылды.
“Кабар” агенттиги билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага ата-энелерди тынчсыздандырып жаткан суроолорду узатып, жооп алууга аракет кылды.

Мектепке бала кантип кабыл алынат?
Баланы мектепке кабыл алуу системасы өзгөртүлөт. Эми балдар министрликтин mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу гана катталбастан, “Түндүк” системасы аркылуу да каттоого мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Азыр платформаны даярдоо иштери аяктап калды. Анда ата-энелерге кыйынчылыктар жаралбайт. Ата-эне системага фамилиясын киргизгенде баласынын идентификациялык жеке номери (ИЖН) чыгат. Анан система ага өзү сунуштайт. Эгер сиздин балаңыз 2019-жылы төрөлсө, дароо эле 1-классты сунуштайт жана жашаган жериңиздеги жакынкы мектептерди көрсөтөт. Анан мектепти тандап аласыз.
Эгер сиздин балаңыз 2018-жылы же 2019-жылы туулган, бирок мектепке чейинки даярдык программасынан өтүп койсо, бала бакчадан, мектептен же борбордун базасында өткөн болсо, анда система сизге өзү эле 2-классты сунуштайт. Ошондуктан ата-энелер баламды 1-класска алып барамбы же 2-класска алып барамбы деп кыйналбайт. Система өзү аныктайт. Бизде “Балалык” деген атайын платформа түзүлдү. Ошол платформага бардык муниципалдык, мамлекеттик, жеке менчик бала бакчалар, борборлор, анан мектептин базасындагы мектепке чейинки даярдыктан өтүп жаткан балдар киргизилет. Анан эки платформабыз бириктирилип, “Түндүк” системасына кошулган. Ошол үчүн сиз болгону системага кирсеңиз өзү сунуштай баштайт.
Каттоо качан башталат?
Каттоо эрте башталат. Кандайдыр бир маселе жаралса ата-энелер кайрылышат. Колл-борбор керектүү суроолорго жооп берип турат. Бизде бала бакчага барган балдардын саны 44, 3%ды түзөт. Система канча миң бала бала бакчага барганын, ал эми канча бала бала бакчага барбай туруп эле мектепке чейинки даярдык программасын өтүп жатканын билет. Сизге эгерде мамлекет акысыз билим алуу үчүн мектептерди сунуштап жатса, бирок сиз ойлонуп туруп мектеп жакпаса баш тартасыз. Анан болжолдуу түрдө (июнда) азыр жобо бекитилип жатат, мектептерди тандаган каалоочулар катталгандан кийин күтүп турасыз да сиз кайра системага кирип, мектептерде бош орун болсо дароо балаңызды каттайсыз.
“Азыр 1-2-классты жаңы программа менен окутабыз деп кадам шилтегени турабыз. Калган класстар азыр талкууланып, каралып жатат. Мамлекет жетекчилиги тарабынан билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондуктан бизге абдан жакшылап кылдаттык менен карагыла, анализ кылгыла, туура кадамдарга баргыла деп айтылды. Ошол үчүн биз тез арада окумуштуулар, эксперттер менен кадамдарды талдап жатабыз. 1-класска окуу материалдарын даярдоону, окуу программаларын түзүүнү, мугалимдерди окутууну улантабыз”, - деди Надира Жусупбекова.
Билим берүүнү трансформациялоону каржылоо кандай жүрөт?
Бул иштер республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Каражаттар инфраструктураны модернизациялоого, окуу программаларын жана окуу китептерин жаңылоого, педагогдордун квалификациясын жогорулатууга жана мектептерди заманбап лабораториялар менен жабдууга жумшалат. 2024-жылдын 4-июлунда министрлер кабинетинин тескемеси менен план бекитилген. Финансы министрлиги мугалимдерди окутууга, мектептердин курулушуна республикалык бюджеттен 2024-2028-жылга чейин 25 млрд 800 млн сомду бөлөт. Бул каражаттар 4 жылга этап-этабы менен бөлүнөт. Бул эң негизги каражат болуп саналат. Ал эми башка долбоорлор болсо Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациялангандан кийин гана ишке ашат. Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда билим берүү тармагын реформалоого 40 млн АКШ долларын берет. Бул каражаттар STEAM багытындагы мугалимдерди колдоого багытталат. Мисалы, мектептердеги лабораторияларда химия, биология, физика сабактарын өтүү үчүн жабдуулар болушу керек. Ошол жагынан жардам берүүгө алар милдеттенме алышкан.
Балдарды окутууга мугалимдер жетиштүүбү жана алардын даярдыгы кандай?
Бул суроого Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов жооп берди.

Алмазбек Токтомаметовдун айтымында, быйыл 80 миңдей бала мектепке мурдагыдан ашыкча келет. 3 миңден ашуун класс жана 3 миңден ашуун мугалим даярдалышы керек. Жаңы мугалимдер окутулуп, даярдалат. 12 жылдык жаңы системага өтө турган класстарда иштей турган мугалимдер өзүнчө окутулат.
Окутуу эки багытта жүргүзүлөт: биринчиси сентябрь башталганга чейин мугалимдер окутулуп, жаңы окуу жылында ишке кирет. Андан соң 1-2-каникулда да окутуулар уюштурулат. 3-каникулда да окутуу пландаштырылууда. Жаңы моделге өтпөгөн мугалимдерди да окутуу өткөрүлөт.
Окутуу 3 форматта өтөт: онлайн форматта, мугалимдердин суроосун эске алып, оффлайн форматта да уюштурабыз. Ондайн форматтагысы көбүрөөк болот. Анан аралаш форматта, башында көзмө-көз жолугушуп, андан соң оффлайн форматка өтөт. Маселелерди талкуулап алгандан кийин онлайн улантылат.
“Жаңы келген мугалимдер колледждердин жана университеттердин бүтүрүүчүлөрү болот, университеттерде, ошондой эле республикалык институтта да кайра даярдоо ачылган. Быйыл аны аяктагандар дипломдорун колдоруна алышат. Мындан сырткары, мурдагы “Наристе” 480 сааттык мектепке даярдоо программасы 0-класс дечү эмес белек, бул мектептин системасына өткөрүлүп берилди. Андагы педагогдор дагы 1-класска келип отурат. Ошол мугалимдердин эсебинен биз жаңы 3 миңден ашыгыраак мугалимди ошол аркылуу чечели деген планыбыз бар. Жер-жерлерде айрыкча, Нарын облусунда орун жок болгондуктан көп мугалимдер бош жүргөн. Ошондой мугалимдерди да биз кайра даярдоо аркылуу 1-класска тартсак болот”, - деди Алмазбек Токтомаметов.
12 жылдык билим берүүгө байланыштуу артыкчылыктуу иштер 4 багытта жүргүзүлөт:
- инфраструктура: класстар менен камсыз кылынат жана жабдылат;
- билим берүү стандарттары, мазмун, окуу китептери;
- мугалимдерди окутуу;
- билим берүү методикасы өзгөртүлөт.
“Бүгүн билим берүү методикасы жаңы 12 жылдык билим берүүдө методикалык жактан өзгөрөт. Бүгүнкү күндө биздин окутуп жаткан көп предметтерибиз турмуштан алыстап калган. Азыркы жаңы моделде өтүлүп жаткан моделдердин баары турмуш менен байланышта чечилет. Экинчиси, баланын эмоциясына, баланын мүнөзүн жана инсандык сапаттарын калыптандырууга көңүл бөлүү, ушул боюнча билим берүү стандарттарын даярдап жатканда, билим берүү стандарттарынын өзөгүн баалуулуктар түздү”, - деп кошумчалады Токтомаметов.
Ошондой эле Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору ата-энелер учурда 1-класска бара турган балдар кичинекей болуп калат деп тынчсызданбашы керектигин айтат.
“1-класстын өзгөчөлүгү мында сабак оюн түрүндө өткөрүлүшү керек. Эң негизги басым бул жерде балага билим берүү эмес, анын социалдашуусу маанилүү. Бала өзүн кантип алып жүрөт, башка балдар менен мамиле түзө алабы, тапшырманы топ менен иштей алабы, өзүнүн пикирин айта алабы, айлана-чөйрөдөгү көүнүштөргө реакциясын билдире алабы, мугалим менен адекваттуу сүйлөшө алабы? Ушул маселелер негизги болуп эсептелет. Ошондуктан ата-энелерге айтып кетерим, 1-класста балдардын билими текшерилбейт, жашы жеткенине карап, окуу процесси уюштурулат. Алардын окуу мөөнөтү 45 мүнөт болбойт, убактысы кыскартылат жана 1-2-3-класста баа коюлбайт”, - деди ал.