12 жылдык билим берүү. 5-класстар интеграцияланган программалар боюнча окушат

Билим Загрузка... 10 Июнь 2025 15:45
WhatsApp Image 2025-06-10 at 15.42.56.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу 5-класстын окуучулары 1-сентябрдан тарта салттуу 5 жана 6-класстардын программаларын бириктирген атайын интеграцияланган программалар боюнча окутула баштайт. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева бүгүн маалымат жыйында билдирди.

“Программалар балдар кийинки жылы 7-класска өтө тургандай бириктирилген. Программалардагы олуттуу өзгөртүүлөр математика, табият таануу жана англис тилдеринде болот”, - деди ал.