113 жаштагы марафончу Фауджа Сингх каза болду

Дүйнө Загрузка... 17 Июль 2025 10:10
WhatsApp Image 2025-07-17 at 09.29.42.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 17.07.25 /Кабар/. Дүйнөдөгү эң кары марафончу Фауджа Сингх автоунаа сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу Евроньюс агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, марафончуну өзү төрөлүп-өскөн Джаландхар шаарынан жолдон өтүп баратканда унаа сүзүп кеткен.

Сингх жубайы менен уулу каза болгондон кийин 89 жашында чуркоону баштаган. 2011-жылы 100 жашында Торонто шаарындагы марафондо финишке жетип, дүйнөдөгү эң кары марафончу аталган. Бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан, расмий түрдө Гиннес рекорддор китеби аны тааныган эмес.

Ал Лондон олимпиадасында (2012) факел көтөрүп чыккан, 2000-жылдан бери тогуз марафонго катышкан. Өзүнүн акыркы жарышын 101 жашында, 2013-жылы Гонконг марафонунда 10 чакырым аралыкта жыйынтыктаган.