10,7 млрд сом. ММК фондунун 2026-жылга карата бюджети аныкталды

Ден соолук Загрузка... 25 Декабрь 2025 18:53
2023-02-24_10-50-07_203742.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңеш Милдеттүү камсыздандыруу фондунун 2025-2028-жылдарга карата бюджеттик мыйзам долбоорлорун үч окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жыйында "Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" мыйзам долбоорлору каралды.

Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга бюджетинин аткарылышы жѳнүндө отчету колдоого ээ болду.

Мыйзам долбоору менен тааныштырган саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов маалымдагандай, аталган мыйзам долбоору менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2026-жылга бюджети кирешелер боюнча 10 млрд 737 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 10 млрд 737 млн сом суммасында бекитүү сунушталууда.