102 жаштагы япониялык карыя Фудзи чокусуна чыгып, Гиннесстин рекорддор китебине кирди

Дүйнө Загрузка... 21 Август 2025 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.08.2025. /Кабар/. Япониялык Кокичи Акузава 102 жашында өлкөнүн эң бийик тоосу болгон Фудзи тоосунун чокусуна чыгып, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка караганда, ал аталган бийик чокуну багынткан эң кары адам болду. Кокичи буга чейин да бир нече жолу Фудзиге чыккан, акыркы жолу 96 жашында.

Бул жолу ал 3-августта Йошида маршруту боюнча көтөрүлө баштаган. Бул Фудзиге барчу төрт жолдун эң жеңили.

Карыя чыгуу процессин үч күнгө бөлгөн. Аба ырайы жакшы болгону менен, ал катуу шамал жана суукка туш болгон. Үч күндүк сапардын эң оор күнү – акыркысы болгон.

Ал тогузунчу станцияга жетип калганда токтогусу келгенин билдирген. Карыянын достору аны мажбурлабастан анын чечимин колдошкон. Себеби, Кокичи буга чейин январда тоого чыгып баратып жыгылып, катуу жаракат алган. Бирок, ага карабастан ал сапарын улантып, көздөгөн максатына жеткен.