Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын экономикасы быйылкы жылы эле эмес, акыркы 3-4 жылдан бери туруктуу өнүгүү жолунда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Насирдин Шамшиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылы ИДПнын көлөмү 619 млрд сом болсо, 2025-жылдын акыркы 10 айынын жыйынтыгы менен эле 10 пайызга өстү.
“Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айында өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 трлн 427,4 млрд сомду түзүп, дээрлик 1,5 трлн сом болуп келди. 2025-жылдын январь-октябрь айларына карата Соода-өнөр жай палатасы жана Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтарына ылайык, тейлөө тармагы ИДПнын эң чоң үлүшүн 49,6% менен ээледи, бул ички керектөөнүн жана сооданын уланып жаткан маанисин баса белгилейт. Товардык өндүрүш тармактары (өнөр жай, айыл чарба жана курулуш) 35,4 пайызды түздү, ал эми продукцияга таза салыктардын үлүшү 15 пайызды түзгөн. ИДПнын өсүшү бул өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын туура багытта бараткандыгы. Негизинен бул өсүш экономиканын бардык тармактарынын өнүгүүсүнө байланыштуу”,- дейт Шамшиев.

Өнөр жай туруктуу өсүштү көрсөтүп, жалпы өнөр жай өндүрүшү 595 млрд сомго жетип 9,9 пайызга өстү.
- Өндүрүштүн көлөмү 9,9 пайызга өстү (Кумтөр кенин эсепке албаганда 21% өстү);
- Курулуш тармагы 27,7 пайызга өстү;
- Тейлөө тармагы 8,8 пайызга өстү;
- Айыл чарба тармагы 2 пайызга өстү.
Экономисттин пикиринде, өнөр жай өндүрүшү тармагындагы өсүүгө түрткү берген негизги динамикалуу багыттардын бири фармацевтика тармагы. Мурда керектүү медициналык каражаттарды, дары-дармектерди импорттоп алып келсек, эми өзүбүз чыгара баштадык. Алсак, фармацевтика өндүрүшү былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөн.

Калган тармактар боюнча өсүш төмөнкүдөй:
- тамак-аш жана тамеки – 33,6%;
- резина жана желим буюмдары – +33,8%;
- химия өнөр жайы – +19,6%;
- текстиль жана кийим-кече – +9,4%.
Курулуш тармагына кайрылсак, каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестиция 10 айдын жыйынтыгы менен 18,9 пайызга өстү. Ошонун негизинде дүң продукциянын көлөмү 269,1 млрд сомго жетип, курулуш мурунку жылга салыштырмалуу 27,7 пайызга өскөн.
Экономист Насирдин Шамшиев белгилегендей, бул өсүш төмөнкүлөрдүн эсебинен болду:
- "Менин үйүм” программасынын алкагында турак жай курулушунун көлөмү кыйла көбөйдү: 10 айдын ичинде 3 миң 621 батирдин курулушу аяктады;
- Билим берүү объектилерин курууга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү (өсүш 10,5 % болгон);
- Өлкөнүн туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө болгон инвестициялардын өсүшү.
- Капиталдык оңдоо иштеринин көлөмүнүн көбөйүшү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу.

Курулуш тармагындагы инвестициялар жалпы инвестициянын олуттуу бөлүгүн, болжол менен 83 пайызын түздү. Шамшиев өлкөдө тоо-кен казып алуу, энергетикалык инфраструктура, өнөр жай ишканалары, транспорт түйүндөрү жана логистикалык борборлору ошондой эле социалдык инфраструктура тармагында активдүү курулуш иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.
Эң төмөнкү көрсөткүч катары өткөн жылга салыштырмалуу 2 пайызга өскөн айыл чарба тармагы боюнча экономист төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
“Быйыл жыл кургакчыл болгондуктан, айрым мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгү азыраак болуп, айыл чарба тармагындагы дүң продукциянын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 2 пайызга гана өсүп, 407,5 млрд сомго жеткен. Ал эми мал чарбасын алсак 3,2 пайызга өсүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата дээрлик күзгү талаа иштери аяктоо алдында турат. Азыр кант кызылчасы жыйналып, түшүмдүүлүк былтыркыга салыштырмалуу жакшы болору болжолдонууда. Айыл чарбасындагы дүң жыйымды алып карасак, быйыл 274 миң тонна дан эгини жыйналды. Анын 252,3 миң тоннасы буудай. Демек кийинки түшүмгө чейин бизде буудай жетиштүү. Бирок, акыркы жылдары Россиядан, Казакстандан 350-400 миң тоннанын тегерегинде буудай импорттоп келебиз”, - деди экономист.
Үчүнчү орундагы кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагынын өсүшү калктын накталай кирешесинин өсүшү менен байланыштуу болоору маалымдалды.

“Кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагына токтолсок, үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айында жалпысынан бул чөйрө 8,8 пайызга өстү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшү калктын накталай кирешесинин өсүшүнө байланыштуу болот. Январь-сентябрь айын алып келсек, 19,5 пайызга киреше өскөн. Ал эми октябрь айында пенсиянын көлөмү орточо эсеп менен 5,8 пайызга өстү. Ал эми ушул эле айларга орточо номиналдык эмгек акынын көлөмү 47 миң сомдон ашты. Айлык көбөйгөнү менен эл инфляция жогорулап жатат деп айтышы мүмкүн. Инфляция 10 айдын жыйынтыгы менен 7,1% болду. Бул жалпы керектөө бааларынын өсүшү. Чынында кээ бир товарлардын баалары көбүрөөк өстү мисалы, эттин баасы, кээ бир мөмө-жемишке болгон баа жогору”,- дейт ал.
Расмий маалыматка ылайык, керектөө баалары 2024-жылдын декабрь айына салыштырмалуу алгачкы 10 айда 7,1 пайызга өскөн.

Негизги өсүш категориялары:
- Мөмө-жемиштер – +42,4%
- Эт (жылкы эти, уй эти, козу эти) +12-17%
- Майлар жана балыктар – +14-15%
- Жумурткага (-11,5%), күрүчкө (-1%) жана майларга (-2,3%) баалардын төмөндөшү байкалган.
“Аймактык жактан алганда инфляциянын эң жогорку деңгээли Ош шаарында жана Чүй облусунда байкалган. Инфляцияны кармап туруу үчүн Улуттук банктын өзүнүн саясаты бар. Негизги саясаты инфляцияны 5 пайыздан 7 пайызга чейин кармоо. Быйылкы жылы тилекке каршы 7,1% болуп турат. Мунун бирден бир себеби, жайкы мөмө-жемиш бышкан мезгилде баа төмөндөш керек эле. Быйыл аба ырайы ысык болуп, түшүмдүн азыраак болушу менен жаңы бышкан жемиш, жашылчанын баасы көп төмөндөгөн жок”, -дейт Шамшиев.
Ошентип, өлкөнүн экономикасы көпчүлүк негизги көрсөткүчтөр боюнча туруктуу өсүштү жана оң динамиканы көрсөтүүдө. Бирок, негизги кыйынчылыктар экспорттун төмөндөшү, товар бааларына көз карандылык жана инфляциялык басым бойдон калууда.