1-класстар үчүн “Табигый илимдер – мен жана дүйнө” китеби басылып чыкты

Билим Загрузка... 09 Октябрь 2025 18:03
5420364769434662266.jpg
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Кыргызстанда 1-класстар үчүн жаңы муундагы “Табигый илимдер – Мен жана дүйнө” (“Естественные науки – Я и мир”) окуу-методикалык комплекси жарык көрдү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, жаңы китепти кыргыз жана орус тилдеринде окутулган класстар колдонот.

Аталган окуу-методикалык комплексте окуу китеп, иш дептери жана методикалык колдонмо камтылган. Ал министрликке караштуу “Окуу китеби” басма үйүндө даярдалып, “Учкун” басмаканасында 295 миң 880 нускада басылды.

Китептер республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен даярдалды.

Учурда китептер министрликтин аймактык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө. Андан ары китептер мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына бөлүштүрүлөт.

Кошумчалай кетсек, быйыл 1, 2, 5, 7-класстар 1 млн 236 миң 830 нускадагы “Табигый илимдер – Мен жана дүйнө” (“Естественные науки – Я и мир”) окуу-методикалык комплекстери менен камсыздалат.