Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда 1-июлдан тарта "Бала ырысы" жөлөк пулун чектөө жана төлөө үчүн документтерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин 2026-жылдын 6-мартында президент 3 жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулдун жаңы түрү – "Бала ырысын" киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

"Өлкө башчысы эгемендүүлүк тарыхыбызда биринчи жолу кичинекей балдарды мамлекеттик саясаттын башкы улуттук артыкчылыгы катары бөлүп көрсөттү. "Бала ырысы" – бул куру ураандардан жана декларациялардан мамлекеттин реалдуу чараларына, бөркү өпкө балдардын өнүгүүсүнө салым кошууга өтүү дегенди билдирет. Бул ар бир жараныбыздын төрөлгөндөн баштап 3 жашка толгонго чейинки мезгилинде адамдык капиталга инвестиция салуу аркылуу өлкөнү өнүктүрүүнүн түп тамырынан бери жаңы багыты болуп саналат", - деди министр.
Ал үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта өлкөдөгү ар бир бала ай сайын 1200 сомдон кем эмес өлчөмдө "Бала ырысы" жөлөкпулун ала турганын баса белгиледи. Жөлөкпулдун өлчөмү бийик тоолуу, алыскы, жетүүгө кыйын болгон аймактардын жана өзгөчө макамга ээ чек ара чектеш райондордун коэффициенттерин эсепке алуу менен ар кандай болушу мүмкүн.
Министр түшүндүргөндөй, "Бала ырысы" – бул балдарыбыздын өнүгүүсүнүн эң маанилүү жана жоопкерчиликтүү мезгилине, тагыраагы, адамдын акыл-эсинин, физикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн пайдубалы түптөлүп жаткан учурга салынган натыйжалуу инвестиция.
"Биз жаңы муундагы башкаруучулардын, экономисттердин, дарыгерлердин, IT-генетиктердин, мугалимдердин, инженерлердин, жашыл шаарлардын архитекторлорунун, IT-медиктердин, биоинженерлердин, тоо-кен тармагындагы экоаналитиктердин жана биздин өлкөдө гана эмес, дүйнөлүк эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон башка кесипкөй адистердин өсүп чыгышына негиз түзүп жатабыз", - деп билдирди ал.
Сагынбаев белгилегендей, жаңы төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки балдардын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү 1-июлдан тарта "Бала ырысы" жөлөк пулуна документтерди тапшырууга мыйзамдуу укуктуу. Бул жөлөкпулга документтер "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жана райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарында кабыл алынат. Жөлөк пулду чектөө жана төлөө жол-жоболору санариптик технологияларга негизделген. Анын айтымында, бардык зарыл болгон документтер бар болуп жана алар реалдуу кырдаалга дал келсе, "Бала ырысы" автоматтык түрдө чектелет жана төлөнөт.

Министр кошумчалагандай, "Бала ырысы" жөлөк пулуна арыз берүүнүн негизги критерийлери – бул баланын жашы (төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейин) жана эң башкысы – 3 жашка чейинки баланын жөлөк пул алуучу менен бирге жашашы.
"Мамлекеттик "Бала ырысы" жөлөк пулу баланын өнүгүүсүнө, анын тамактануусуна жана ден соолугуна жумшалышы маанилүү. Балдардын кызыкчылыгы, алардын өнүгүүсү жана ден соолугун чыңдоо үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медайымдары менен дарыгерлеринин, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн адистеринин, ошондой эле балдар менен иштешкен социалдык кызматкерлердин комплекстүү ишин уюштуруу пландалууда", - деп түшүндүрдү ал.
Министр бул мамлекеттик жөлөк пулдун түзүмүн иштеп чыгууда эл аралык ийгиликтүү жана ийгиликсиз тажрыйбалар эске алынганын, негизги тобокелдиктер менен коркунучтар изилденип, өлкөнүн өздүк тажрыйбасы талданганын айтты.

"Бүгүн биз 3 жашка чейинки балдардын ата-энелери жана мыйзамдуу өкүлдөрү 30 күндүн ичинде жөлөк пул алууга зарыл болгон бардык документтерди даярдап же текшерип алышы үчүн "Бала ырысы" боюнча маалыматтык кампанияга расмий түрдө старт берип жатабыз. Бизге күн сайын бул жөлөк пул боюнча расмий түрдө 10го чейин кайрылуу түшүүдө. Андыктан, биздин жарандар өз ыйгарым укуктарынын алкагында жөлөк пулдарды чектөө жана төлөө түздөн-түз көз каранды болгон тиешелүү мамлекеттик органдардан толук жана так маалымат алуусу маанилүү", - деп жыйынтыктады министр.