Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. 1-декабрь - дүйнө жүзү боюнча ВИЧ/СПИД боюнча маалымдуулукту жогорулатууга арналган күн.
- ВИЧ (HIV) - бул адамдын иммундук системасын алсыратуучу вирус.
- СПИД (AIDS) - бул ВИЧтин акыркы жана эң оор баскычы.
Маанилүү фактылар
- Дүйнөдө 39 миллиондон ашуун адам ВИЧ менен жашайт.
- Ар жылы 1,3 миллионго жакын жаңы жуктургандар катталат.
- Бул илдет кол алышканда же аба аркылуу жукпайт.
Негизги жугуучу жолдору:
- Корголбогон жыныстык катнаш;
- Ийнени бир нече жолу колдонуу;
- Төрөт же эмизүү учурунда энеден балага жугушу.
- Өз убагында дарыланса, ВИЧ менен жашаган адам узак жана сапаттуу жашай алат.
- Антиретровирустук терапия (АРТ) вирусту басаңдатып, аны башка адамдарга жугузбаган деңгээлге чейин төмөндөтөт.
Алдын алуу чаралары:
- Корголгон жыныстык катнаш;
- ВИЧке тест тапшырып туруу;
- Ийнени бир жолу колдонуу;
- Кош бойлуулук учурунда текшерилүү.
Кыргызстандагы 2025-жылдын 1-октябрына карата статистика:
- ВИЧ менен ооругандар - 15 183;
- Өлкө жарандары – 14285;
- Чет өлкөлүк жарандар – 898;
- Каза тапкандар – 3751;
- СПИДден каза тапкандар - 983.